Ошто Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы өтөт

Автор

Ош шаарында Дүйнөлүк эпостордун эл аралык VII фестивалы өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалга 30га жакын өлкөнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Иш-чара 17-21-май күндөрү өтүп, анын алкагында “Мыкты семетейчи”, “Мыкты дастанчы”, “Мыкты Кыргыз боз үйү”, “Саркеч көчмөн” жана “Кадырлуу каада салт” сынактары уюштурулат.

Маданий долбоор бул жылы Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Казак элининин улуу жазуучусу Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Лукашенко ооруп жатабы?

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко өлкөнүн желеги, герби жана гимни күнүн белгилөө аземине катышкан жок. Эртең менен анын куттуктоосу президентинин сайтында жарыяланды. Жергиликтүү маалымат каражаттары окуянын алдында Лукашенконун кортежинин президенттин атайын ооруканасында эки саат турганын жазышты. Лукашенко Москвада 9-майда Жеңиш күнүн майрамдан кийинки коомдук иш-чараларга катышкан эмес. Ал парадга, андан кийин […]

Сизге жагышы мүмкүн