ЖЭБдеги авария. Түркияда дарыланып жаткандардын абалы айтылды

Автор

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын жана аскердик тик учактын кыйрашынын кесепетинен жабыркап, Түркияда тиешелүү дарылануудан өтүп Кыргызстандын жарандарынын абалы туруктуу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, күйүк алган эки бейтап айыгуу стадиясында. Жакынкы күндөрү пластикалык операциядан кийин аларды реанимациядан жалпы палатага которуу пландалууда.
Тик учактын кулашынан жабыркаган Кыргызстандын эки жараны пландуу операциялардан кийин травматология бөлүмүндө жатышат. Дарыгерлер алардын абалын жакшыртуу үчүн тиешелүү дарылоону жүргүзүп жатышат.
Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары жана дарыгерлер менен дайыма байланышта болуп, ошондой эле бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

«Одиссей» Айдын бетинен биринчи сүрөттөрдү жөнөттү

Америкалык «Одиссей» космос корабли Айда төрт суткадан биринчи фотосүрөттөрдү жөнөттү. Ал биринчи сүрөттү Айдын түштүк аймагындагы Малаперт А конуучу жерге түшкөндө, экинчисин конгондон 35 секунддан кийин тарткан. Алты бурчтуу конуучу аппарат оодарылып кеткенине карабастан диспетчер менен байланышты сактап турат. «Одиссейдин» Айга конуусун 2579 метр бийиктикте, болжолдонгон жерден 1,5 чакырым алыстыкта […]

Сизге жагышы мүмкүн