Бүгүн Бишкекте жети акенин портреттеринин көргөзмөсү өтөт

Автор

Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарында жети акенин портреттеринин көргөзмөсү болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка караганда, сүрөтчү Абазбек Апиев XVIII-XIX-XX-кылымдарда Ысык-Көл өрөөнүндө жашап өткөн даңазалуу тарыхый инсандар — жети акенин портреттерин жаңыча көз карашта, жаңыча изденүүлөр менен сүрөт өнөрүндөгү реализм, импрессионизм ыкмаларын пайдаланып тартып чыккан.

Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук тарых музейинде саат: 15:00дө өтө турган көргөзмөгө жети акенин портреттери коюлат. Иш-чаралар жыйынтыкталгандан кийин сүрөттөр Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы акелердин ысымын алып жүргөн жети мектепке белекке берилет.

Белгилей кетсек, портреттердин автору Абазбек Апиев КРдин сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, КРдин сүрөтчүлөр союзунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын жетекчиси. Ал 1981-жылы Жети-Өгүз районунун Чырак айылында туулган. С.Чуйков атындагы мамлекеттик сүрөт окуу жайын жана КГУСТА университетин аяктаган. 2009-жылы Орто Азиядагы орчундуу көргөзмөлөрдүн катарына кирген жана ислам тарыхында алгачкы жолу Мухаммед пайгамбарга тиешелүү буюмдарды живопись жанрында чагылдырган “Ыйык аманаттар” чыгармалар жыйнагын даярдап, бир катар көргөзмөлөрдү уюштурган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто Бакыт Жетигеновдун жылдызы жанды

Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов элдин оозуна алынып, жүрүм-туруму, жөнөкөй мүнөзү жана иштермандуулугу менен Ош тургундарынын алкоосуна арзыды. Анын экинчи борборду өнүктүрүүдө жасаган эмгеги ат көтөргүс экендиги, жолдорду кеңейтип, жөө жүргүнчүлөргө шар түзгөнү, саясий интригалар менен алектенбегени айтылууда. “Оштун тарыхында эң жакшы иштеген Мелис Мырзакматов, андан кийин Бакыт Жетигенов болду. […]

Сизге жагышы мүмкүн