Орхан Инандынын соту кайрадан жылдырылды

Автор

Кечээ белгилүү агартуучу, “Сапат” билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү жана “Даңк” орденинин ээси Орхан Инандынын соттук отуруму болуп өттү. Мындай маалыматты анын жактоочусу билдирди. Орхан Инанды өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, бала окутуп , келечек муунду тарбиялоодон башка эч нерсе кылбаганын айтып келет. Ал мындан 2 жыл мурун 31-май күнү түнкү саат 23:30 чамасында качырылган. Бир айдан кийин оң колу сынган абалда Анкарадан дареги чыккан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аны Түрк коопсуздук кызматтары качырып келгенин жарыялаган эле. Учурда ал Синжан түрмөсүндө кармалып турат. Белгилүү болгондой, кийинки соттук отурум ушул жылдын 16- июнуна жылдырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

7-Апрель - Элдик революция күнү

7-Апрель – Элдик революция күнү. Кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуя. 2010-жылдагы апрель окуясына быйыл туура 13 жыл болду. Бул дата Кыргызстандын кайра жаралууга багыт алган күнү катары тарыхта калды. Дал ошол 7-апрель күнү Бакиевдин режимине каршы болгон миңдеген адам борбордук аянтка келишкен. Өкмөттүк […]

Сизге жагышы мүмкүн