26-мартка карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-мартта өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Күндүз шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +11…+16.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Күндүз шамалдын ылдамдыгы 14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +24…+26 градус жылуу болот.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун Коопсуздук кеңеши Газада ок атышууну токтотуу боюнча резолюция кабыл алды

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча резолюция кабыл алды. Бул тууралуу маалымат эл аралык уюмдун расмий порталында пайда болду. Документти БУУнун Коопсуздук кеңешинин 14 мүчөсү колдоду. Бул жолу АКШ калыс болуп, резолюцияга бөгөт койгон жок. Буга чейин Россия Федерациясы менен Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газадагы элдешүү боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн