Тендерлерди утуп, жеке бизнесин жүргүзгөн үлкөн чиновник ким?

Автор

Аты аталбаган Транспорт министринин бир орун басары Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жол куруу боюнча тендерлерди өзү утуп алып, аталган аймактарга асфальт жана битум заводдорун жайгаштырып, жол куруп жатканын депутат Алишер Эрбаев бүгүн, 26-октябрдагы парламенттин жалпы жыйынында  айтып чыкты.

Депутат муну кызыкчылыктардын конфлиги деп атат, бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу экенин, УКМК териштирүүсү керек экенин айтты. “Өткөндө айтылбады беле, мамлекеттик кызматкер бизнес кылгысы келсе, кызматын тапшырып кетсин деп. Бирок, бул киши министрдин орун басары болуп отуруп, өз ишин жүргүзүп атат. Мунун 5 жылдык иш аракетине УКМК баа бериши керек”,- деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Антибиотиктер организм үчүн коркунучтуу. Себеби

Антибиотиктерди көзөмөлсүз колдонуунун кесепети өтө коркунучтуу. Алар боорго, бөйрөккө, кан түзүүчү органдарга уулуу зыян келтириши мүмкүн, угуу нервинин невритин, аллергияны, тарамыштын үзүлүшүн, кээ бир дарылар менен айкалышып, жүрөктүн оор аритмиясынын өнүгүшүнө алып келет. Антибиотиктердин таасири астында организм ар кандай инфекцияларга өз алдынча туруштук берүү жөндөмүн жоготот. Мындан тышкары, аларды кеңири […]

Сизге жагышы мүмкүн