2023-жылдын эки айында ИПД 6%га өстү

Автор

2023-жылдын январь-февраль айларында ИПД көлөмү 110.6 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 6%дытүздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетти билдирди.

Мекеменин алдын ала баалоосу боюнча Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү темпи 4.6%ды түздү (2022-жылдын январь-февралында – 2.8%).

2023-жылдын январь-февраль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2022-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 14%ды түздү. Мындай өсүш текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды (2.1 эсеге), химиялык продукцияны (28.9%), негизги металлдарды (28.8%), фармацевтика продукциясын өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү менен камсыз болгон. 2.1 эсеге, 9.9%га, жыгач жана кагаздан жасалган буюмдар, полиграфия (9.4%ке), тамак-аш азыктары (ичкиликтерди кошкондо) жана тамеки буюмдары (6.2%ке), ошондой эле тоо-кен өндүрүшүндө (18.9%ке).

2023-жылдын январь-февраль айларында 23.3 млрд сомдук айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлгөн. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу реалдуу өсүү темпи 1.8%ды түздү. 2022-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүшү негизинен мал чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшү менен шартталган.

Бөлүшүү:
Next Post

14-мартка карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-мартта аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16,   Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17,   Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22,   Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13,   Нарын облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн