Орусиянын курама командасы күзгө чейин футбол ойнобойт

Автор

Россиянын футбол боюнча курама командасы жайкы машыгууларды  өткөрбөйт. Бул тууралуу Орусиянын футбол союзунун (РФС) сайтында жазылууда.

“Чечим курама команданын машыктыруучулар штабы жана курама командага эң көп оюнчуларды өткөрүп берген клубдар менен биргеликте  кеңешкенден кийин кабыл алынды”, — деп айтылат маалыматта. Команданын кезектеги чогулушу күзүндө гана болот.

Мындан тышкары орусиялык  спорттук уюм Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) күзгү терезесинде жолдоштук беттештерди өткөрүү боюнча алдын ала макулдашуулар бар экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Россия курама командасы ФИФА менен Европа футбол ассоциацияларынын биримдигинин санкцияларынан улам 2022-жылдын февраль айынан бери эл аралык турнирлерге катыша элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 2.1 млн ири мүйүздүү мал бар

2023-жылдын 31-майына республика боюнча «ЖИКС» маалыматтык тутумунда 2 млн 133 миң баш ири мүйүздүү мал бар экендиги айтылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 2023 – жылдын 31-майына  малдардын төлдөрү идентификациядан өтүп, 285.7 миң баш ири мүйүздүү мал жана 1 647 баш чочко «ЖИКС» маалыматтык тутумуна каттоого алынды. […]

Сизге жагышы мүмкүн