Килиан Мбаппенин “Реал Мадрид” өткөндүгү качан жарыяланат?

Автор

“Реал Мадрид” клубу атактуу чабуучу Килиан Мбаппе менен келишимге кол койгонун жарыялоого шашылган жери жок. Айрым дүйнөлүк спорт басылмаларынын маалыматына караганда аны “Евро-2024” чемпионаты башталганга чейин жарыяланышы мүмкүн.
RMC Sport билдиргендей “Реал Мадрид” жана “Пари Сен-Жермен” клубдары Чемпиондор Лигасында ойногонго чейин көптөн күткөн трансферди жарыялабайт.
Буга чейин Франция курама командасынын жана ПСЖнын 25 жаштагы чабуулчунун “Реалдагы” айлыгы 2,5-3 миллион еврону түзөрү белгилүү болгон.
Эске сала кетсек, футбол боюнча Европа чемпионаты 2024-жылдын 14-июнунан 14-июлуна чейин Германияда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги Панфилов сейилбагындагы ири жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Бишкектеги Панфилов сейилбагындагы жеке менчикке берилип кеткен 41,6 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлү менен тил табышып алып, Фрунзе көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатр) […]

Сизге жагышы мүмкүн