Волейбол боюнча өлкө чемпионатынын II этабы өтүүдө

Автор

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын XVI чемпионатынын II этабы башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-февралда башталган мелдеш 11-февралга чейин созулат. Оюнга жогорку жана улуттук лиганын курама командалары катышып жатат.
Спорттук иш-чаранын ачылышына Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Жаштык” дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, Кыргызстандын волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек менен Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн