Орусияда 1 жылда 585 мигрант каза болду

Автор

Орусияда 1 жыл ичинде каза болгон мигранттар 585 адам. Алар көбүнчө жумуш учурунда каза болушат. Мындай маалыматты социалдык жактан коргоо министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.
“Биз изилдеп көрдүк. Негизинен, кыш айларындагы кара жумуштан кырсыктап, каза болушат экен. Ооруп, көз жумгандар азыраак. Аларды мекенге алып келүү боюнча каражаттары ошол өлкөлөрдүн консулдуктарына жа элчиликтерине которулат”,- деди министрдин орун басары. Депутат Надира Нарматова “согушта 1 жыл ичинде мынчалык өлүм болбойт. Себебин аныктап, мындан ары мындай кырсык болбогондун аргасын жасагыла”,- деп тапшырма берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Милиция кызматкерлери үйлүү болушту

Депутат Айгүл Айдарованын аракети менен 11 милиция кызматкерлери мамлекеттик ипотекалык компаниядан үйлүү болушту. Алар эмгек өргүүгө чыккандар, жумуш убагында кырсыктап, майып болгондор жана кызмат учурунда каза болгондордун үй – бүлөлөрү. Алар депутатты зыярат кылышып, ыраазычылыгын айтышты. Депутатка батасын беришип, талыкпай эмгектене беришине тилектеш экендиктерин билдиришти. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн