Өлкө боюнча 1-класска 68 миңдей бала кабыл алынды

Автор

10-апрелинен 23-майына чейин билим берүү мекемелерине электрондук каттоонун маалыматтык системасы аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына 67 миң 893 бала катталды.  Анын ичинен 1 миң 287 бала жеңилдетилген тартипте киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-2024-окуу жылына карата 2 миң 84 мектепте 185 миң 549 орун каралган.

23-майга карата электрондук каттоо боюнча эң жогорку активдүүлүк – Нарын облусунун Жумгал районунда (балдардын 67%ы катталган), ал эми эң төмөнкү көрсөткүч – Баткен облусунун Сүлүктү шаарында белгиленген (21%). Республика боюнча 999 бала мектепке кабыл алууну күтүүдө.

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-класстарына электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.

 

Эскерте кетсек, биринчи этапта балдар ата-энелери катталган дарекке тийиштүү мектепке катталса (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этапта ата-энелер бош орундары бар каалаган мектепти карабай (26-июндан 31-августка чейин) тандай алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия курама командасынын футболчулары УЕФАнын турнирине чакырылды

Европалык футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) өнүктүрүү турнирине Орусиянын 2009-жылы туулган кыз-келиндер командасын чакырган.  Эл аралык спорттук уюм орусиялык жаш футболчуларга ойноо мүмкүнчүлүгүн берүүгө даяр экенин “жаштар командасынын” башкы машыктыруучусу Валентин Гавва билдирди. “Эгер Россия курамасы өнүктүрүү турнирлерине катышса, УЕФА менен мамиледе жылыш болдубу? Бул биздин жетекчиликке суроо, алардын УЕФА менен […]

Сизге жагышы мүмкүн