Драматургдар арасындагы сынактын жеңүүчүлөрү аныктылды. Тизме

Автор

Бишкекте драматургдар арасында жарыяланган республикалык сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, сыйлоо аземине маданият министри Алтынбек Максутов катышып, бардык жеңүүчүлөрдү жеңиштери менен куттуктап төмөндөгүлөргө токтолду.
Ал өз сөзүндө мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштердин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары маданият тармагы болуп жатканын айтып, аны колдоого болгон күч аракеттер жүрүп жатканын баса белгилеп, жаратмандарга чыгармачылык ийгилик каалады.
Сынак Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу менен биргеликте кыргыз театрларынын репертуарын жаңы көркөм туундулар аркылуу байытуу жана улуттук драматургияны стимулдаштыруу, өстүрүп-өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Аталган чыгармалар Маданият министрлигинин менчигине өтүп, Кыргызстандагы театрлардын көркөм кеңешине жөнөтүлөт. Андан соң кыргыз сахналарында коюула баштайт.
Комиссия тарабынан сынакта тандалып алынган чыгармалар жана авторлор:
“Соно” – Женишгул Өзүбекова;
“Апат жана акыл балладасы” – Афина Абдылдаева, Ахматов Асан жана Токтогазиев Жумабек;
“Аял үнү” -Тажиева Кыял;
“Бейишке сапар” – Жетимишов Суранчы;
“Жарык дүйнөдө жүргонун кызык” -Догдурбек Юсупов;
“Жеңижок”- Ооганбек Станбеков;
“Кулпу” – Бурул Калчабаева;
“Карагер” – Чынар Калыбекова;
“Көл периси” -Айдарбек Сарманбетов;
“Ормон хан” -Бактыбек Максутов;
“Сүйүү жана Кумар”- Нурлан Абдырахманов;
“Сырдуу талаа” -Мамтова Кундуз;
“Атанын балдары” Мыскал Дыныстанова;
“Таш жүрөк эненин балдары” – Меңди Мамазаирова.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 28-декабрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.00 сомдон болсо, сатуу 89.40 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 2 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн