Орусияда Ми-8 тик учагы жоголду

Автор

Орусияда Ми-8 тик учагы начар аба ырайына байланыштуу жоголду. Карелияда байланышын токтоткон Ми-8 тик учагы тууралуу РИА Новости жазууда.
Маалыматка ылайык, тик учактын бортунда үч экипаж мүчөсү бар болгон жана учурда издөө-куткаруу иштери жүрүүдө. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда Түндүк-батыш авиациялык куткаруу борборунун Ми-8 тик учагы Прионежскийдин Деревянное айылынын аймагында болжол менен байланышын токтотту. Учакта үч экипаж мүчөсү бар», – деп айтылат.
Окуя болгон жерге аба кемелери жана кар жүрүүчү унаалар менен куткаруучулар тобу бара жатканы айтылат. Бортунда куткаруучулар бар Түндүк-Батыш аэронавигациялык кызматынын Ан-26 учагы күжүрмөн даярдыкка келтирилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кумтөр Жети-Өгүз районунун сугаруу системасына 2,6 млн сом бөлдү

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында жергиликтүү коомчулуктарды колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылык жардам көрсөтүүнү улантууда. Өткөн жумада «Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагына 2,6 миллион сом өлчөмүндө каржылык жардам көрсөттү. Каржылык колдоо «Кызыл-Суу агро өнөр жай комплекси» муниципалдык ишканасына […]

Сизге жагышы мүмкүн