Армиянын генералы Вагнердин жоокерлерине кайрылды

Автор

Армиянын генералы Сергей Суровикин Вагнер компаниясынын командирлерине жана жоокерлерине кайрылуу жазды.
«Силер менен бирге биз татаал жолду басып өттүк. Бирге күрөштүк, тобокелчиликке бардык. Каныбыз бир, жоокербиз. Мен силерди токтотууга чакырам, душман өлкөбүздө ички саясий абалдын курчушун гана күтүп жатат. Өлкө үчүн бул оор мезгилде душмандын колуна ойной албайсыз»,-деди Суровикин.
Ал колонналарды токтотууга, аларды туруктуу жайгаштыруу пункттарына жана топтолуу аймактарына кайтарууга үндөдү.
Ал баса белгилегендей Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку жетекчилиги астында бардык маселени тынчтык жол менен гана чечилет.
Буга чейин Евгений Пригожинге Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 279 куралдуу козголоң уюштуруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Курмандык чалууда эмнелерди билүү керек?

Курбан (курмандык кылуу) деген эмне? «Курбан» сөзү, курмандык кылуунун эсебинен – жаныбарды курмандыкка чалуу аркылуу, Аллахка «жакындоо», «жакын болуу» – дегенди түшүндүрөт. Курмандык кылуу, хижранын экинчи жылынан тартып, милдетүү ырым болуп калган. Тактап айтканда, пайгамбар (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) Меккеден, Мединага көчүп келгенден кийин. Курбан (курмандык кылуу), Ибрахим пайгамбардын (ага […]

Сизге жагышы мүмкүн