Кумтөр Жети-Өгүз районунун сугаруу системасына 2,6 млн сом бөлдү

Автор

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында жергиликтүү коомчулуктарды колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылык жардам көрсөтүүнү улантууда.
Өткөн жумада «Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагына 2,6 миллион сом өлчөмүндө каржылык жардам көрсөттү. Каржылык колдоо «Кызыл-Суу агро өнөр жай комплекси» муниципалдык ишканасына караштуу 30 гектар жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотууга багытталды.
Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу кошумча жумуш орундарын түзүү менен жергиликтүү дыйкандарга сапаттуу продукция өндүрүү мүмкүнчүлүгү жаралмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

Өлкөдө эркектердин ден соолугун текшерүү өнөктүгү башталды

Өлкөдө эркектердин ден соолугун текшерүү өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бир айга жарыяланган «Жооптуу бол!» өнөктүгүнүн алкагында 18 жаштан жогорку курактагы эркектер жүрөк-кан тамыр, рак, өпкө оорулары боюнча өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде текшерүүдөн өтө алышат. Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка караганда, 2022-жылы көз жумгандардын 52,1%ы жүрөк-кан тамыр […]

Сизге жагышы мүмкүн