Орусияда мигранттардын адам өлтүрүүсү 18 пайызга өскөн

Автор

“Биздин ишибиз мигранттардын коркутуучу статистикасы менен коштолуп жатат. Кайсы тараптан алып карасак да, көбөйүү бар. 2021-жылда булар 12 млн болсо, 2022-жылда 14.5 миллионго өсүшкөн. Ошондой эле мигрант кылмышкерлердин саны да өсүп жатат. Адам өлтүрүү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 18 пайызга көбөйдү”,- деп билдирди Орусиянын тергөө кызматынын жетекчиси Александр Бастрыкин.
Ал тергөө кызматынын сайтына Орусиянын жарандары СМС билдирүү калтырып жатышканын айтып, “Орустар согушуп жатат, ал эми мигранттар бизге чабуул жасап жатышат. Алар Орусиянын жараны болушса, согушка барышпайбы? Эгер биз менен кошо согушпаса, анда өздөрүнүн мекенине кетишсин деген жазууларын окуп жатам”,- деген ал.
Ошондой эле Орусиянын миграция кызматын сындап, айрым учурда коррупцияга малынып калган учурлары жок эместигин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Лавров: Россия менен Кытай терроризмге каршы күрөштө кызматташууну улантат

Лавров: Россия менен Кытай терроризмге каршы күрөштө кызматташууну улантат Кытайда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин ортосундагы сүйлөшүүлөр башталды. Лавров мырза Крокус Сити Холлдогу терактка байланыштуу көңүл айтканы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди. Россия менен Кытай терроризмге каршы күрөштө кызматташууну уланта турганын баса […]

Сизге жагышы мүмкүн