Сомалиде БУУнун тик учагын жүргүнчүлөрү менен барымтага алышты

Автор

Галмудуг аймактык коопсуздук министри Мохамед Абди Адан Сомалинин куралдуу тобунун мүчөлөрү БУУнун тик учагын басып алышканын билдирди. Учакта бир нече чет элдиктер болгонун Reuters агенттиги аскерий булакка таянуу менен билдирди.
БУУнун тик учагы Сомалинин борборундагы Беледвейн шаарынан Висил шаарчасын көздөй бара жаткан. Бортто дары-дармектер болгон. Тик учак жарадар болгон жоокерлерди Галгуддан эвакуациялашы керек болчу.
“Вашингтон Пост” гезити тик учак тышкы таасирлерден улам Висил шаарчасына шашылыш конгондугун, андан соң “Аль-Шабаб” тобунун согушкерлери экипажды барымтага алганын кабарлады.
Рейтер агенттигинин БУУдагы булагы билдиргендей, тик учак уюмдун Сомалиге жардам берүү миссиясына таандык жана бортто беш чет элдик болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Алмазбек Атамбаевдин абалы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев ар кандай атайын чыгымчылдыкка түрткөн посттор жарыяланып жаткандыгын белгиледи. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, интернет желесине тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. «Официалдуу түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек Шаршенович бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт. […]

Сизге жагышы мүмкүн