Гутерриш кайсы бир мамлекетке каршы күч колдонууга тыюу салынганын жарыялады

Автор

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Ирандын Израилге кол салуусунан кийин шашылыш жыйын өткөрдү. Ал кандайдыр бир мамлекетке күч колдонууга толук тыюу салынганын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кол тийбестигин жарыялады.
Гутерриш мүчө мамлекеттерге БУУнун Уставынын кайсы бир мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө же саясий көз карандысыздыгына багытталган күч колдонууга тыюу салган пунктун эскертти. Ошондой эле эл аралык укукка ылайык, ар кандай дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүктөрдүн, анын ичинде персоналдын кол тийбестиги бардык учурларда сакталышы керек болгон принциптин бар экендигине токтолду.
Антонио Гутерриш өз сөзүндө 1-апрелде Дамасктагы Иран консулдугуна жасалган кол салууну катуу айыптады. Ал аймактын эли кыйратуучу масштабдагы кагылышуу коркунучуна туш болуп олтурганын баса белгиледи. Чыңалууну, абалды басаңдатуу, ошондой эле максималдуу токтоолуктун мезгили келди деген пикирин кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

44 млн сомго курулган мектептен жарака кетти

Мындан 3 жыл мурда Кара-Суу районуна караштуу Жар -Ооз айылына курулган 44 млн сомдук мектеп жараксыз абалга кептелди. Аны Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Шухрат Азимовдун атасынын фирмасы курганы маалым болду. №85 Сооронбай Жусуев атындагы мектеп 2020-жылы сентябрь айында ишке берилген. Бирок, мектептин айрым жерлеринен жарака кетип, учурда коркунуч жаратууда. Мектептин […]

Сизге жагышы мүмкүн