Олимпиада оюндарын уткандарга 10 миллион сом берилет

Автор

Олимпиада оюндарын уткандарга 10 миллион сом берүү каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча  Жогорку Кеңештин жыйынында жасаган отчетунда билдирди.

Жапаровдун айтымында, 2024-жылга спортко 1 миллиард 747 миллион сом каралган.

Ал эми Азия оюндарында биринчи орунду алгандарга  1 миллион 200 миң сом, Дүйнө чемпиону болгондорго 1 миллион, Олимпиада  оюндарын уткандарга 10 миллион сом берилери айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркия Израилди Гаага сотуна берди

Түркияда 3000 адвокат Израилди сотко берүү үчүн Гаага сотуна мунажат кылышты. Алар билдирүү таратышып, анда Израил өлтүргөн Палестиналык тынч тургундардын саны 13300 адамды ашканын, анын 5600 жаш балдар, 3550 кыз келиндер экендигин, бул сан өлгөндөрдүн 70 пайызын балдар жана аялдар түзөөрүн айтышты. Түркиялык адвокаттар билдиргендей, Израилдин кыргынына мындан өткөн далил […]

Сизге жагышы мүмкүн