Азия Кубогуна бара турган “Акшумкарлар” аталды

Автор

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын  Азия Кубогунда ойной турган футболчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады.  Бул тууралуу Кыргызстандын футбол уюмунан билдиришти.

Тизмеге отуз эки оюнчу кирген. Көпчүлүгүн жаштар түзөт. Кеңейтилген тизмеге төрт дарбазачы, Валерий Кичин баштаган 11 коргоочу, 14 жарым коргоочу жана үч чабуулчу кирген. Оюнчулардын катарында ага-ини Мерк Кай менен Мерк Кими, Бекназ Алмазбеков, Кожо Жоэл бар.

Азия Кубогу 12-январда Катарда башталат. Оюндарга бир айдан ашык убакыт калды. Кыргызстан F тайпасында Сауд Арабиясы, Тайланд, Оман курама командалары менен беттешет. “Ак-шумкарлар” 16-январда Тайланд курамасына каршы алгачкы оюнун өткөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Баку шаарында жер титиреди

Баку шаарында катуу жер титирөө болду. Европанын сейсмикалык борбору жер титирөөнүн күчү 5,7 баллды түзүп, очогу Каспий деңизинде болгонун билдирди. Силкинүү саат 08:20да болуп, жергиликтүү тургундарга бир нече мүнөт бою сезилген. Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн