Окуу китептерин басып чыгарууга 324 млн сом жумшалат

Автор

“Учкун” басмаканасы 136 миң 320 окуу китептерин басып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-класстар үчүн “Физика”, 8-класстар үчүн “Химия”, 7-9-класстары үчүн “Информатика” окуу китептери басылды. Учурда окуу китептерин мектептерге жеткирүү иштери жүрүүдө.

 

Белгилеп кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 млн сом каралган. Быйыл бул каражатка 1 млн 278 миң 255 нускада окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

“Луна-25” станциясынын кыйроосунун себеби айтылды

«Луна-25» станциясынын кыйрашынын себептеринин бири ылдамдыкты өлчөөчү аппараттын бузулушу болушу мүмкүн. Маалымат каражаттары сөз болуп жаткан аппарат космостук станциянын багыты жана учуу ылдамдыгы жөнүндө кабарларды  станциянын компьютерине берип, кыймылдаткычка буйрук берерин белгилейт.  Ошол эле учурда Биус-Л  аппараты космосто сыноодон өткөн эмес.  Ал толугу менен россиялык тетиктерден, анын ичинде электроникадан жасалган. […]

Сизге жагышы мүмкүн