Журналист Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты

Автор

Журналист, Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыкты.  Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 20-ноябрындагы чечими менен Шерипбаева 2024-жылдын 15-январына чейин үй камагына чыккан.

Буга чейин Шерипбаева 48 саатка кармалганын жакындары билдиришкен. Кийин соттун чечими менен 1-декабарга чейин камалган.

Шерипбаева өзүн УКМК кармап кеткенин 16-ноябрь күнү түш чамасында Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 21-ноябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.2 сомдон  болсо, сатуу  89.6 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89.11 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн