Быйыл Орозо айында 57 млн сомдон ашык битир-садага чогулду

Автор

Кыргызстанда быйыл Орозо айында 57 млн 467 миң 895 сом битир-садага (садака) чогулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Муфтияттын башкы эсепчиси Толкунбек Жумановдун айтымында, анын 60%ы жергиликтүү мечиттерге, 30%ы райондук хатибияттарга жана облустук казыяттарга, 10%ы муфтияттын эсебине түшкөн.
Белгиленгендей, каражат жардам сурап кайрылгандарга, ошондой эле жетим-жесирлерге бөлүштүрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Антибиотиктер жана гормондор дарылоодон алынды

Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги курч респиратордук вирустук инфекциялар (ОРВИ) менен ооруган бойго жеткен бейтаптарга жардам көрсөтүүнүн жаңы стандартын бекитти. Документтин жаңыланган вариантынан антибиотиктерди жана синтетикалык гормондорду алып салды. Буйрук укуктук маалымат порталында жарыяланды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн