Президенттин “апрелчилер” менен жолугушканы белгилүү болду

Автор

Бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин өлкөгө кайтып келиши тууралуу талаш – тартыш кайрадан күчөдү. Буга себеп, “Апрелчилер” коомдук уюмунан бөлүнүп чыккан “Айкөл Ала-Тоо таза коом” уюму мындан 4 ай мурда президент Садыр Жапаровго кат жазганы белгилүү болду. Аталган уюмдун 40 мүчөсү кол койгон кайрылуу катта Курманбек Бакиев 5 млн доллардын тегерегинде кун төлөсө, өлкөгө кайтып келишине уруксат бере тургандарын билдиришкен. Алар белгилегендей, бул каражатка завод, фабрика курулса, миңдеген жумуш орундары түзүлмөк. Бирок, президент маселени талкулоо максатында апрель окуясынын жабырлануучуларын чакырып, кайрылууну окуп берген жана өзүн бул ишке аралаштырбоону суранган. “Айкөл Ала-Тоо таза коом” уюмунун мындай сунушуна апрелчилер каршылык билдиришкенин жабырлануучулар Кубанычбек Дөөлөталиев жана Күмүшай Бокотоновалар билдиришти.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуу жайларга кышкы кабыл алуунун IV туру башталды

Бүгүн 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 24-январь саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январда саат 09:00го чейин жайгаштырылат. Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 27-январь саат […]

Сизге жагышы мүмкүн