Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Автор

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча “көзөмөлчү” (смотрящий) М.А.К. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-октябрында УКМК тарабынан катталган материалдын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (“Пара талап кылуу”) каралган кылмыштын негизинде козголгон иш боюнча К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Аксы району боюнча “көзөмөлчү” (смотрящий) М.А.К. кармалды.

Кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен Аксы районундагы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып жүргөнү аныкталган.

Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.А.Кнын жашаган жеринде каттоодон өтпөгөн ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар табылып, процессуалдык тартипте алынды.

Учурда кармалган адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК пара талап кылуу жана КР мыйзамдарынын бузулушу боюнча Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын нөөмөт кызматына телефон аркылуу кайрылууну өтүнөт: (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61.

Бөлүшүү:
Next Post

 Президент уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш боюнча маек берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кылмыштуу топко каршы күрөш тууралуу комментарий берди. — Уюшкан кылмыштуу топтун лидери делген Камчы Көлбаевдин УКМКнын операциясы учурунда жок кылынышы акыркы күндөрү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган темалардын бири болду. Аны жактагандар да, жектеп, сындагандар да бар. Камчы Көлбаевди өлтүрбөй кармаса болбойт беле деген да […]

Сизге жагышы мүмкүн