Жакында жылдыздар көрүнбөй калабы?

Wp Pw
0 0
Read Time:24 Second

Окумуштуулардын айтымында, жакынкы 20 жылда адамдарга жарыктын булганышы көбөйүп бараткандыктан, жылдыздарды көрүү мүмкүн болбой калат.
Жылдыздардан келген жарык атмосферанын төмөнкү катмарында чачырап турат. Бул чоң шаарларда аларды байкоону бир топ кыйындатат. Жарыктын булгануусу көйгөйү светодиоддордун көбөйүшүнө байланыштуу курчуп баратат. Ансыз да Саманчынын жолун планетадагы жерлердин үчтөн биринен жөнөкөй көз менен көрүү мүмкүн эмес.
Жылдыздарга байкоо жүргүзүү үчүн астрономдор жасалма жарыктын анча көп булактары жок алыскы аймактарга барууга туура келет. Жакын арада жылдыздарды Сахарада, тайгада же океандын ортосунда гана көрүү мүмкүн болот.

 

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

30-майга карата аба ырайы

Эртең, 30-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;   Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, […]