Нурсултан Кеңешбеков Азиянын эки жолку чемпиону болду

Автор

Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Тегеран шаарында (Иран) өткөн Азия чемпионатынын эки жолку чемпиону аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Нурсултан Кеңешбеков 1500 м (3:49:10) жана 3000 м (8:08:85) аралыкка чуркап 1-орунду ээлеген. Ошондой эле Айнуска Калил кызы 1500 м (4:35:29) аралыкка чуркап күмүш медалга ээ болсо, 3000 м аралыкты 9:27:18 секунду убакытта чуркап өтүп 3-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, 17-февраль күнү башталган Тегеран шаарындагы (Иран) Азия чемпионаты бүгүн 20-февралда жыйынтыкталат.
Курама команда башкы машыктыруучу Татьяна Борисованын жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Банандын артыкчылыктары эмнеде? Кызыктуу фактылар

Банан тропикалык Азия аймагына таандык жемиш. Бул таттуу даамы, аш болумдуу касиеттери жана колдонууга ыңгайлуулугу менен дүйнөдөгү эң популярдуу жемиштердин бири. Банандын артыкчылыктарына тамак сиңирүүнү жакшыртуу, кандагы кантты көзөмөлдөө, жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун азайтуу, сөөктүн ден соолугун сактоо жана башкалар кирет. Мындан тышкары, банан ачкачылыкты кандырат жана эң сонун энергия […]

Сизге жагышы мүмкүн