Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы бүгүн, 24-апрелде Азия кубогунун чейрек финалында Иран курамасына каршы ойнойт.
Беттеш Таиланддагы «Бангкок Аренада» орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.
Бул оюнда уткан команда дароо Азия кубогунун жарым финалына чыгып, аны менен кошо ушул жылдын сентябрь айында Ташкентте өтө турган футзал боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алат.
Шар Апр 24 , 2024
Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, КР президентинин администрациясынын комиссиясы КР Прокуратурасынын айрым кызматкерлери тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Лицензиялоо маселелери […]