Нурланбек КАЙРЫЕВ:  “Сен эмнеге маа кечигип жолуктуң, көңүлүмө күз түшүрүп алганда”

Автор

ЖАШТЫК МЕНЕН ЖОЛУГУУ

 

Желбиретип жалындаган жаштыкты,

Желаргыдай жазда көңүл сергиткен.

Көөдөй түнгө Күн бергендей жарыкты,

Жан дүйнөмө жайнап кирип келдиң сен.

 

Жаштыгыңа кол жетпеген суктанам,

Маңдайынан бакыт нуру төгүлгөн.

Кыялдары жаш баладай чуркаган,

Жаштыгымды көрүп турдум өзүңдөн.

 

Жүрөгүңдү куйкалабай жалынга,

Көрө элексиң мен тагдырдан көргөндү.

Сүйүү да бар, күйүү да бар алдыңда,

Эске салдың сезимдерим өткөнкү.

 

Мен экинчи баспай турган жолдосуң,

Келечегиң кең талаадай чалкыган.

Сезимдердин сересине конорсуң,

Жылдыздарды бирден терип тагынган.

 

Турмуш сырын байкап-баалап биле албай,

Убакыттын шарында баш айланып.

Заман катаал, сыноолору бир далай,

Бирок баарын жеңет жаштык, тазалык!

 

Жүрөгүмө жүүнү бошто так салып,

Ойго салды аруу-таза сөздөрүң.

Жаштыгыма алып бардың кайтарып,

Гүл-өмүрдүн жытын кайра искедим.

 

Сенден таптым кыялдарым жоготкон,

Жаштык мынча сулуу дагы, таптаза!

Сен эмнеге маа кечигип жолуктуң,

Көңүлүмө күз түшүрүп алганда?

 

* * *

Толкуп-ташкан дарыянын шоокумун,

Тыңшап келем басып таштуу жээгинде.

Жашоо сырын түшүнбөпмүн мен мурун:

Агып жатты мында Аалам, дүнүйө.

 

Тынымы жок ташып суунун агымы,

Болбойт тура көз ирмемге токтолуу.

Өмүрүм да суудай агып жатыры,

Өткөн кезим агып кайда жок болду.

 

Тирүүлүк — бул толкуп-ташып аккан суу,

Бардыгы агат, бир гана акпайт өлгөндөр.

Бакыт тура агып бара жатканың,

Шар агымдын чыгып калбай жээгине.

 

Агат мезгил, агат чексиз кең мейкин,

Агат баары, агат көңүл, сезимдер.

Чоң агымда агып жүрүп, ай аттиң,

Бир күн анын биз калаарбыз жээгинде

 

* * *

 

Көлүм сенсиң, көйкөлгөнүң сагынып,

Келдим сага тоо суусундай агылып.

Кабыл алчы, тамчыларын сүйүүмдүн

Толкундарың бирден алсын тагынып.

 

Көл чагылтып толсо дүйнө көркүнө,

Менин дүйнөм сенин балбал көзүңдө.

Тоо суусундай таштан-ташка урунган,

Тирек болчу менин тентек кезиме.

 

Көлүм сенсиң жээгиң бойлой дайым жаз,

Тоо суусу мен толкунуңа тагдырлаш.

Тереңдигиң барктап жүрүп өтөйүн,

Тентегиңдин сен да таалай, багын ач.

 

* * *

 

Сен мени аяйм депсиң, аябагын

Сезсең да сен деп сезим канаганын.

Өкүнүч тапсам дагы махабаттан

Өмүрдө өзгө тагдыр каалабаймын.

 

Сүйүүдөн жаздым, аздым, жараландым,

Сүйүүдөн арууландым, тазаландым.

Арбалган махабатка бечара эмес,

А көрө сен өзүңдү ая, жаным.

 

Маңдайга көрөм тагдыр ыйгарганын,

Мени аяп ичтен сызып кыйналбагын.

Аясаң, ошол мени кыйбаганың,

Сүйгөнүң, бирок аны туйбаганың.

 

БАЛАДАЙ АРУУ МАХАБАТ

 

Жүрөктө сүйүүм өзүңө

Жүгүрүп турат баладай.

Балбылдайт үмүт көзүндө,

Жаркыным, койбо тааныбай.

 

Мүнөзү шашма, жанга ынак,

Өзүң деп суусап, күйүгүп.

Алдыңда турат жаркылдап,

Мээримиң төкчү ийилип.

 

Баладай баёо сүйүүмдүн

Эси бар, бирок жок ары.

Сен сылап тентек көкүлүн,

Сынбаса экен назары.

Бөлүшүү:
Next Post

Акчаны туура пайдалануунун эрежелери

1. Өзүңүздү баалаңыз Ар качан кирешени көбөйтүүнүн жолдорун издеңиз. Мындан да көп нерсе колуңуздан келээрине өзүңүздү ишендириңиз. Эгер учурдагы жумушуңуз каражат жагынан сизди канааттандырбай калса, жаңы жумушка өтүңүз же кошумча кирешенин булактарын издеңиз. “Мен эч качан үйгө, машинага акча таба албайм” деген ойлоруңузду мээңизден ыргытып салыңыз. Болгону алдыңызга максат коюңуз […]

Сизге жагышы мүмкүн