Ош шаарынын быйылкы бюджети дээрлик 3 млрд сомго жетет

Автор

Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын мэриясында 2024-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коомдук угууда Финансы министрлигинин Ош финансы башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыров Ош шаарынын 2024-жылга бюджетинин долбоору боюнча кенен маалымат берди.
Андан кийин “Юз оф Ош” коомдук бирикмесинин жетекчиси А. Сатинбаева жарандык коомдун өкүлдөрүнүн атынан бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча сунуштарды киргизип, баяндама жасады.
Жыйында Ош шаарынын тургундары, жарандык коомдун өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, бюджеттин долбоору боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышып, сунуштарын беришти.
Марс Исаев үстүбүздөгү жылдын бюджетин бекитүүдө шаардыктардын кайрылуулары жана сунуштары эске алынаарын билдирди.
Белгилей кетсек, Ош шаарына быйылкы жылга карата 2 млрд 884 млн 956 миң 200 сомго бюджет долбоору каралган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан 21 млн сомго кызамыкка каршы вакцина сатып алат

Республикалык иммунопрофилактика борбору кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн. Республикалык иммунопрофилактика борборуна вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасына КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышат. Белгиленгендей, кызамык оорусуна каршы […]

Сизге жагышы мүмкүн