“Кумтөр Голд Компани” эки жерде жаңы кендерди ачты

Автор

«Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасы геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшүнүн натыйжасында  эки жаңы кенди ачты. Бул тууралуу  аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы Кумтөр кенинде геологиялык чалгындоо иштери Түштүк-Батыш, Борбордук, Музду-Суу жана Сарытөр участкаларында, ошондой эле калдыктары көмүлгөн жайларда кычкылданган жана сульфиддүү рудалардын запастарын табууга, баалоого жана чалгындоого багытталган.

Ошентип, Түштүк-Батыш жана Музду-Суу участокторунда коммерциялык кызыкчылык болушу мүмкүн болгон мурда аныкталган кычкылданган минерализациянын өнүгүшү ырасталды.

Запастардын жалпы өсүшү ачык жол менен казуу учурунда 20 тоннага чейин жана жер астындагы кендерди казууда 10 тоннадан 20 тоннага чейин.

Бөлүшүү:
Next Post

"Сапат" билим берүү мекемелеринин жаштар олимпиадасы башталат

“Сапат” билим берүү мекемелеринин жаштар олимпиадасы ушул жуманын аягында старт алат. Анда “Сапат” лицейлеринин 5-6-классынын окуучулары информатика, математика, түрк тили, табият таануу жана география сабактары боюнча күч сынашышат. Өткөн жумада математикадан олимпиада болуп өткөн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн