“Нооруз-2024”: «Достук» менен «Ынтымак» финалда беттешет

Автор

Бишкекте көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” республикалык мелдешинин алкагында жогорку, биринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары өтүп жатат. Кечээ Таластын «Ынтымак» жана Оштун «Достук» командалары республикалык мелдешинин финалына чыкты.
Маалым болгондой, финалдык беттеш 21-мартта өтөт.
Белгилей кетсек, «Ак кула» ат майданында Нооруз мелдешинин Жогорку лигасынын жарым финалдык оюндары аяктады. Анда “Сары-Өзөн” менен “Ынтымак” командасы кездешип, 5:1 эсебинде «Ынтымак» командасы жеңишке жетти.
Ал эми экинчи жарым финалдык оюнда “Достук” “Мурас” командасын 11:4 эсебинде утту.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда дагы бир жолу жер титиреди

Бүгүн Кыргызстанда дагы бир жолу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 20-мартта таңкы саат 06:03тө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 балл, Эркечтам, Көк-Суу айылдарында 2,5 баллга (Нура айылынан 15 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, […]

Сизге жагышы мүмкүн