Ноорузга карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештер башталды

Автор

Бишкек шаарындагы «Аккула» ат майданында көк бөрү оюну боюнча Нооруз майрамына карата республикалык мелдештер башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Мелдештин биринчи күнү жалпы 7 оюн болуп, экинчи жана биринчи лиганын курама командалары беттешти.

Биринчи күндүн жыйынтыгы:

Экинчи лига:

«Ак-Суу» жана «Аккула» — 0:2;

«Кара-Балта» жана «Тянь-Шань» — 5:0;

«Көк-Жал» жана Ак-Илбирс» — 3:1;

Биринчи лига:

«Ысык-Ата» жана «Ачы» — 2:1;

«Кемин» жана «Саякбай-Ата» — 3:0;

«Жаштык» жана «Өзгөн ынтымагы» — 5:4;

«Бишкек Четинде» жана «Бакай-Ата» — 3:2.

Бүгүн чыга турган курама командалардын тизмеси:

9:00-9:55 — «Теңир-Тоо» — «Сары-Өзөн Чүй» (40 жаш);

10:00-10:55 — «Жалал-Абад» — «Жети дубан» (40 жаш);

11:00-11:30 катышуучулардын парады:

13:00-14:30 «Сары-Өзөн» — «Ак-Шумкар» (Жогорку лига);

14:30-15:25 «Ардагерлер» — «Ысык-Көл» (40 жаш);

15:30-16:25 «Сары-Өзөн Бишкек» — «Талас» (40 жаш);

16:30-17:25 «Ош шаары» — «Суусамыр» (40 жаш).

Бөлүшүү:
Next Post

Кахраманмарашта кайрадан жер титиреди

Түркиянын Кахраманмараш шаарында күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:47де Гөксүн аймагында катталган. Жер титирөөнүн очогу 7 чакырым тереңдикте болгон. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок. Буга чейин Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш аймагында 6-февралда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр тогуз сааттык […]

Сизге жагышы мүмкүн