Нооруз – 2023: Көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү

Автор

Бишкек шаарынын “Аккула” ат майданында “Нооруз – 2023” элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев жана күйөрмандар катышты.

Министр өз сөзүндө баардык катышуучуларды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап, спортчуларга ийгилик каалады.

“Көк бөрүнү канча көрсөк да, ар бир оюн өзгөчө. Жерде туруп көтөрө албаган салмакты ат жалында көтөрүп, казанга салган жигиттер суктандырбай койбойт. Мына ушундай улуттук оюндарга бай кыргыз маданиятын көрүп ар дайым сыймыктанабыз. Жигиттерибизге ийгилик”, – деди Максүтов.

Белгилей кетсек, мелдешке республиканын баардык аймактарынан келген 37 команда күч сынашууда.

Финалдык беттештер 21-март күнү өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Неймар футболдук карьерасын аяктайбы?

Француздук “ПСЖ” клубунун бразилиялык чабуулчусу Неймар профессионалдык футболдук карьерасын париждик клубдун курамында бүтүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу беделдүү «The Athletic» басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык, 2027-жылга чейинки келишим менен ПСЖ менен байланышкан 31 жаштагы бразилиялык чабуулчу башка клубда ойногусу келбейт. Белгилей кетсек, Неймардын француздук командадан кетүүнү каалабаганын жана 2017-жылы анын трансферинин […]

Сизге жагышы мүмкүн