Неймар футболдук карьерасын аяктайбы?

Автор

Француздук “ПСЖ” клубунун бразилиялык чабуулчусу Неймар профессионалдык футболдук карьерасын париждик клубдун курамында бүтүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу беделдүү «The Athletic» басылмасы жар салды.
Маалыматка ылайык, 2027-жылга чейинки келишим менен ПСЖ менен байланышкан 31 жаштагы бразилиялык чабуулчу башка клубда ойногусу келбейт.
Белгилей кетсек, Неймардын француздук командадан кетүүнү каалабаганын жана 2017-жылы анын трансферинин суммасын эске алганда, бразилиялыкты башка командага өткөрүү үчүн олуттуу каржылык салымдар талап кылынат.
Неймар оң тизесинен алган оор жаракатынан улам бул сезондо ойнобойт. Бразилиялык атактуу футболчуга Доха шаарында операция ийгиликтүү жасалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кайрат Иманалиев жаңы кызматка барды

Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Иманалиевди эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн