Неймар Сауд Арабияга чакырылды

Автор

Бразилиялык чабуулчу Неймар Саудиянын “Аль-Хилал” клубунан сунуш алды.  Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.

Маалыматка ылайык, бул трансфер ишке аша турган болсо футболчу 600 миллион евро таба алат.

“Аль-Хилал” ПСЖнын 31 жаштагы чабуулчусу Неймарга абдан кирешелүү келишим сунуштоого даяр. Оюнчу өзү ойлонууга убакыт алды.

Аль-Хилал Неймарга жылдык маяна 200 миллион евролук үч жылдык келишимди сунуштаган. Футболчу  макул болсо,  жалпысынан 600 миллион алат. Неймардын “Пари Сен-Жермен” менен келишими 2025-жылдын июнь айына чейин түзүлгөн.

Эске салсак, 2017-жылы Неймарды “Пари Сен-Жермен” “Барселонадан” рекорддук 222 миллион еврого сатып алган. Бразилиялык футболчу  4 жолу Франциянын чемпиону, 3 жолу Кубок жана бир жолу өлкөнүн Суперкубогу жеңип алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Мыкты салык төлөөчү  компаниялар  аныкталды (тизме)

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымытка ылайык, сыйлоо аземинде бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2023-жылдын 5 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты […]

Сизге жагышы мүмкүн