Мыкты салык төлөөчү  компаниялар  аныкталды (тизме)

Автор

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымытка ылайык, сыйлоо аземинде бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2023-жылдын 5 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп 15 компания аталды:

Өндүрүш жана курулуш жаатында – «АДЖИ-СЕРВИС» ЖЧК, «Торгово-финансовый Холдинг Пром Инвест» ЖЧК, «Аслан Кабель» ЖЧК, «Карибе Юг» ЖЧК, «Кул Брос» ЖЧК, «Жаныбек Айтматова» ЖЧК;

Соода жана тейлөө жаатында – «РСК Банк» ААК, «Яндекс.Такси Корп» ЖЧК, «Кыргызско-Швейцарский Банк» ЖАК, «Фуд Дрим» ЖЧК, «Бир айыл – бир продукт» коомдук бирикмеси, жеке ишкер Ракия Асанбаева, «Баткен билим берүү борбору» мекемеси, Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасы;

Айыл чарба жаатында – «Агро Куш» ЖЧК.

Мыкты салык төлөөчүлөргө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды.

Сертификаттарды тапшыруунун жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкон жана республиканын салык мыйзамдарын так сактаган ак ниеттүү салык төлөөчүлөргө зор урмат-сый менен мамиле кыларын белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Франция тополоңунун чыгымы 1 миллиард еврону түзөт

Францияда 17 жаштагы Нахелдин өлтүрүлүшүнөн кийин башталган нааразылык акцияларында өлкө өрткө айланган, талап-тоноолордун алдын алуу мүмкүн болгон жок. Алты күнгө созулган нааразылык акцияларынын чыгымы кеминде 1 миллиард еврого бааланууда. Париждеги Олимпиада оюндарына бир жыл калганда болгон окуялар туризм тармагындагы адистерди да тынчсыздандырды. Париждин Туризм бюросу резервациялардын 25 пайызы жокко чыгарылганын […]

Сизге жагышы мүмкүн