“Манас” аэропортунда грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондорун тосуп алышты

Автор

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль алган кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков баштаган балбандар Бишкекке кайтып келди.

Алар отурган учак 26-сентябрдын таңында “Манас” эл аралык аба майданына конду.

Чемпиондорду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, күрөш федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү. Анда Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш жана Тайырбек Жумашбек уулу коло байге жеңди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте мейманканада өрт чыкты

Бишкекте мейманканадан өрт чыгып, 3 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,  өрт Бишкек шаарынын Ленин районунун Манас көчөсүндө жайгашкан Novotel мейманканасында чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 07:21де Биринчи Май райондук өрттү өчүрүү бөлумүнөн 1эсеп жана штаб, саат 8:42де Октябрь райондук ӨКМдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн