НАТОнун саммити башталды

Автор

Литванын борбору Вильнюс шаарында  НАТОнун лидерлеринин эки күндүк саммити башталды.  Саммитте Швециянын НАТОго мүчөлүгү, альянстын жаңы аскердик пландары ошондой эле  “Украина-Орусия”  согушундагы акыркы абал талкууланат.

НАТО саммитинин биринчи күнүндө өткөрүлгөн форумдан кийин Швециянын катышуусунда саммиттин баштапкы сессиясы өткөрүлөт. Эстония, Латвия жана Литванын ортосунда аба мейкиндиги боюнча кызматташуу декларациясына кол коюлуп, тышкы иштер жана коргоо министрлеринин жолугушуулары өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда орточо маяна 31 миң сомду түздү

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-май айларында орточо айлык акы 31 миң 330 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, айлык акы 2022-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 32%га өскөн. Эң олуттуу өсүш искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, кыймылсыз мүлк, маалымат жана коммуникациялар, билим берүү, коомдук тамактануу, дүң жана чекене соода, унаа […]

Сизге жагышы мүмкүн