АКШнын президенти Израилге барат

Автор

АКШ президенти Жо Байден шаршемби күнү Израилге барат. Бул Израилдин жетекчилиги менен жети саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен билдирди.
Блинкендин билдирүүсүнөн кийин дароо АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби Вашингтондо журналисттерге сүйлөдү. Анын айтымында, Жо Байдендин сапары АКШнын Израиль менен тилектештигин көрсөтөт.
Кирбинин айтымында, Байден Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү жолдорун талкуулоону көздөп жатат.
Израилден кийин Байден Иорданиянын борбору Амманга барат. Ал жерде Иорданиянын падышасы Абдулла II, Египеттин президенти Абдель Фаттах Сиси жана Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте кесиптик лицей жана колледждердин директорлугуна талапкерлер сынактан өтүүдө

Бишкекте Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде башталгыч жана орто кесиптик мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер тестирлөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тестке төмөнкү 4 багыттагы суроолор камтылган;   – КР мыйзамдары; – башкаруу менеджменти; – психология-педагогика; – адистиги боюнча.   Тестирлөө […]

Сизге жагышы мүмкүн