Кыргызстанда орточо маяна 31 миң сомду түздү

Автор

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-май айларында орточо айлык акы 31 миң 330 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, айлык акы 2022-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 32%га өскөн.

Эң олуттуу өсүш искусство, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, кыймылсыз мүлк, маалымат жана коммуникациялар, билим берүү, коомдук тамактануу, дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, жүк ташуу жана сактоо тармагы, ошондой эле саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө тармагында байкалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптаптуу ысыктан кантип сактаныш керек?

Кыргызстанда 12-14-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет. Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41 градуска чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы жогорулайт. Мындай кургак ысык аба ырайында күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө […]

Сизге жагышы мүмкүн