Жүргүнчүлөрдү ташыган учакка чагылган тийди

Автор

Air Canada авиакомпаниясынын Boeing 777-300 учагы Ванкувер аэропортунан учуп, Лондонго баратканда чагылган тийген. Global News маалыматына ылайык, учак Ванкувер эл аралык аэропортунан жекшемби күнү кечинде саат 19:30да учуп бараткан. Анда сейрек кездешүүчү кышкы чагылган болду.
Өзгөчө кырдаал учурунда учакта 550 жүргүнчү болгон. Учкунга кабылгандан кийин, ал жолун уланта берген. Учкучтун айтымында, учакта орнотулган чагылганды басуучу атайын системанын аркасында трагедия алдын алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 6-мартка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.50 сомдон болсо, сатуу 89.72 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 43 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн