Наталья Никитенко жаңы кызматка сунушталабы?

Автор

Коомчулук билим берүү министрлигин жетектей турган кадрлар боюнча талкуу жүргүзүп жатат. Ал эми тар чөйрөдө  “Ата-Мекен” партиясынын  мурдагы депутаты Наталья Никитенконун аты аталып жатканын өздүк булактарыбызга билдиришкен. Наталья айым билим берүү тармагын реформалап, жетишпей жаткан китеп көйгөйүн чече алабы? Мындай талапкерге эл эмне дейт? Жаңы министр чет-өлкөдөн окуп, тажрыйба топтогон, кыргыз тилинде эркин сүйлөй алган, мектеп же, бала бакча иштетип көргөн болушу керек. Ошондо гана билим берүү тармагында өнүгүү болору айтылууда.

Наталья Никитенко 5-жана 6-чакырылышта “Ата-Мекен” партиясынан депутат болгон. 44 жашында, Бишкек шаарында төрөлгөн. Англис жана орус тилинде эркин сүйлөйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга  учуп кетти - коштоп кеткендер

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.   Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:   Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев; Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы […]

Сизге жагышы мүмкүн