Садыр Жапаров иш сапары менен Тажикстанга  учуп кетти – коштоп кеткендер

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

 

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев;

Энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Белгилей кетсек, сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Аскердик кызматташтык, деңиз порту жана ЕБдеги кырдаал: Путин менен Ким Чен Ын эмне жөнүндө сүйлөштү

Владимир Путин Ким Чен Ын менен жолугушуудан кийин Россия КЭДР менен аскердик-техникалык кызматташуу боюнча учурдагы чектөөлөрдү сактай турганын, бирок эрежелердин чегинде мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты. “Белгилүү чектөөлөр бар. Россия бул чектөөлөрдүн баарын сактайт. Бирок биз, албетте, сүйлөшө турган, талкуулай турган, ойлоно турган нерселер бар. Бул жерде да перспективалар бар. Россия […]

Сизге жагышы мүмкүн