Тууну өзгөртүүгө бюджеттен эч кандай каражат кетпейт

Автор

Бүгүн, 29-ноябрда парламенттин жалпы жыйыны тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун карап жатат. Төрага Нурлан Шакиев билдиргендей, эгер туу өзгөрсө, болгону 150дөй туу жаңыланат. Ага 32 өлкөдөгү элчиликтердин туусу, БУУдагы жана мамлекеттик мекемелерде илинип турган туулар кирет. Тууну өзгөртүүгө бюджеттен  эч кандай акча кетпейт. Мунун чыгымын төлөп берүүчү демөөрчүлөр да бар. Ал эми унаалардын номерлери же, паспорттор алмашпайт. Качан гана жаңысы берилип жатканда, жаңы туунун сүрөтү түшүрүлгөн болот”. – деп билдирди төрага.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жаңы жылдык балаты орнотулууда

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында жаңы жылдык балаты орнотула баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар башчысы Ала-Тоо аянтынын аймагын кыдырып, борбордун башкы балатысынын орнотулушу менен таанышты. Башкы балатыны “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери орнотууда. Балаты быйыл да чоң фонтандын ордуна орнотулуп жатат. Белгилей кетсек, былтыр өлкөнүн башкы балатысынын оту 16-декабрга жанган. […]

Сизге жагышы мүмкүн