Бүгүн Мамлекеттик тил күнү

Автор

Бүгүн, 23-сентябрь – Кыргызстандын мамлекеттик тил күнү.  1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.

 

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.

 

Ар бир улуттун негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, элдин элдүүлүгүн, иденттүүлүгүн, улутун аныктаган бул анын – тили. Эгер улут тилин жоготсо, бара-бара улутун жоготот. Андыктан кыргыз тилинде сүйлөп, эне тилдин өркүндөшүнө салым кошуу ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети.

 

Бул күнү билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Ушул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

"Эмаком" курулуш компаниясынын кардарлары кайрылуу жолдошту

“Эмаком” курулуш компаниясынан жапа чеккен пайшиктер өлкө жетекчисине кайрылышты.  Алар “биз 7 дубандан чогулганбыз. Арабызда “Эмакомго” 1 млн сомго чейин төккөндөр бар. Учурда бул компания жабылгана турат. Биздин үйүбүз жок, акчабызды ушуларга төгүп, алалбай жүрөбүз. 4 айдан бери күн сайын келе берип, таманыбыз тешилди”,- деп билдиришти. “Эмакомдун” негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин […]

Сизге жагышы мүмкүн