Намаздын ден соолукка эбегейсиз пайдалары

Автор

Намазда аткарылган аракеттер жай болгондуктан, жүрөктү чарчатпайт жана күндүн ар кандай саатында болгондуктан, адам баласын дайыма сергек кармайт.

Намаз окугандардын көздөрү туруктуу тартипте ийилип-түздөлүүдөн улам күчтүү кан айланууга ээ болот. Ошондуктан, көздүн ичинде кан басымы көтөрүлбөйт жана көздүн алдыңкы бөлүгүндөгү суюктуктун үзгүлтүксүз алмашуусу камсыздалат. Көздү «катаракт» же болбосо «кара суу» деген оорулардан сактайт.

Намаз учурунда аткарылган изометрикалык кыймыл – аракеттер ашказандагы азыктардын жакшы сиңишине, өттүн оңой агуусуна жана ушундан улам, өттө таштын пайда болбоосунда, панкреастагы ферменттердин оңой чыгышында чоң роль ойнойт. Бөйрөк менен түтүктөрүндөгү кыймылдан улам таш пайда болуусунун алдын алат жана табарсыктын бошошуна жардам берет.

Беш маал окулган намаздагы ритмикалык аракеттер күнүмдүк жашоодо машыктырылбаган булчуң менен муундарды кыймылга келтирип, артрит жана туз биригүү сыяктуу муун ооруларынын жана булчуң тырышууларынын алдын алат.

Ден соолук үчүн албетте тазалык керек. Даарат менен гусул материалдык жана моралдык тазалык болуп эсептелет. Ал эми, намаз тазалыктын дал өзү. Анткени, адамда дене жана рухий тазалык болмоюнча намаз болбойт. Даарат менен гусул дененин тазалыгын камсыздайт. Ибадат милдетин орундаткан адам моралдык жактан жеңилдеп, тазаланган болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда кымбатчылык болбойт

Бизде азык-түлүктүн кеңири запасы бар. Кечээ, УКМК төрагасы айрым депутаттарга жооп берип жатып, “баа көтөрүлбөйт, 1- сорт ундун баасы 30 с/кг, бир кап ун 1500 сом, жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн себеби, арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет.Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт! Мамлекетибиздин азык […]

Сизге жагышы мүмкүн