Газдалган суусундуктарды кимдер ичпеши керек?

Автор

Газдалган суусундук – көмүр кычкыл газына каныккан жөнөкөй минералдык же ароматтуу суудан жасалган суусундук. Суунун газдашуу даражасы боюнча үч түрү бар: бир аз газдалган, орточо жана күчтүү.

Эгерде сиз газдалган суусундуктарга берилип кетсеңиз, анда төмөнкү оорулар пайда болушу мүмкүн: Остеопороз, сөөктүн морттугу. Кариес, тиш эмалынын бузулушу, тиштин түшүүсү. Бөйрөктөгү таштардын пайда болушу. Ашыкча салмак, семирүү, целлюлит.

Ким газдалган суусундуктарды ичпеши керек?

Өнөкөт оорулары бар адамдарга (аллергия, ашыкча салмак, гастрит, ашказан жарасы, колит жана башкалар) газдалган таттуу суусундуктарды көп колдонуу сунушталбайт. 3 жашка чейинки балдарга канттуу газдалган суусундуктарды берүүгө болбойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Алтын валюта кору боюнча дүйнөдө бешинчи болду

Россиянын алтын-валюта кору  май айында 11,6 миллиард долларга азайып, 584,2 миллиард  долларга жеткен. Москва эң ири эл аралык активдери бар экономикалардын ичинен Индияга төртүнчү орунду алдырды. Индия менен Россия 2015-жылдан бери бул көрсөткүч боюнча атаандашып келет. 2022-жылы Москва Индиянын 532 миллиард долларына карата 540 миллиард доллар активдери менен төртүнчү орунга […]

Сизге жагышы мүмкүн