Мыйзамсыз мигранттар көп кабаттуу кемеге жайгашты

Автор

Британ бийлиги мыйзамсыз мигранттарды турак-жай баржасына жайгаштырууну чечти.  Көп кабаттуу чоң кеме же баржа 1976-жылы курулуп, деңизде иштегендер үчүн жатакана катары колдонулган.
Бийликтин мыйзамсыз мигранттарды сууга жайгаштыруу чечими көптөгөн укук коргоочулардын нааразычылыгын жаратты.  Алардын айтымында, бул кемеде өрт коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эмес жана жугуштуу оорулардын таралуу коркунучу жогору.
Бирок бул иш боюнча өкмөттүн  планы айтылды.  Эпидемия болгон учурда мигранттарды Атлантика океандын түштүк бөлүгүндөгү аралга ташууга болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош мэрине жаңы кеңешчи дайындалды

Салтанат Аманова Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.   Белгилей кетсек, буга чейин Аманова Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн